Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:56

Израил армиясы Газадагы ооруканада эвакуация болгону тууралуу кабарды четке какты


Газа тилкесиндеги Аш-Шифа ооруканасы.
Газа тилкесиндеги Аш-Шифа ооруканасы.

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги Аш-Шифа ооруканасын эвакуациялоо тууралуу кабарды четке какты. Буга чейин Al Jazeera телеканалы ишенимдүү булактарына таянып, Израил аскерлери бейтаптарга имараттан чыгарып кетүүгө бир гана саат убакыт бергени тууралуу маалымат тараткан.

ЦАХАЛдын Телеграм-каналында оорукананын директорунун өтүнүчү менен израил аскерлери каалоочуларга сектордун түштүгүнө коопсуз каттам менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бергени айтылган.

"Медициналык кызматкерлер эвакуацияланбаган бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында ооруканада кала берет", - деп белгиленет маалыматта.

Бүгүн Израил тарап ХАМАС тобу (АКШ менен Европада террордук деп табылган) барымтага алган 50 адамдын ордуна ок атууну убактылуу токтотуу сунушунан баш тартканы белгилүү болду.

Израилдин бийликтери бул тууралуу учурда сүйлөшүүлөрдө ортомчулук вазийпаны аркалап жаткан Катарга кабарлаган.

Израилдин бийлиги туткундагы үй-бүлөлөрдү бөлгүсү келбейт жана Газа тилкесинде кармалган бардык энелер менен балдарды бошотууну ХАМАСтан талап кылууда. Алардын пикиринде, барымтага алынгандардын ичинен 50 эмес, 70-80 адам бошотулганда гана келишимдин шарттарын талкуулоого мүмкүн болот.

Акыркы маалыматка караганда, Газа тилкесинде ХАМАСтын барымтасында 240тай адам бар, алар 7-октябрда Израилдин түштүгүнө кол салуу маалында туткундалган. Израил армиясы буга жооп катары Газада согуш ачкан.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери толук курчоодо калган анклавда 11 миңден ашуун адам набыт болду. Алардын 4500ү балдар. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Израил аскерлерин карапайым адамдарга жасаган ырайымсыздыгы үчүн сынга алууда. Израил өз кезегинде ХАМАСты гана жок кылууну көздөп, ооруканалар менен жарандык мекемелерге жайгашкан объекттерин тазалап жатканын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG