Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси баласынан баш тартпай турганын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен деп шек саналып жаткан 21 жаштагы келин окуя кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме келин баланы өзү эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөнүн, кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүргөнүн жана төрөгөндөн кийин коркуп баласын таштанды челекке таштап салганын айткан.

“Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат”, - деген ал.

Баланын атасы ким экенин билерин, бирок аны айтпай турганын билдирген.

8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен шек саналып жатат. 14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG