Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:24

Түптө жол кырсыгынан үч адам набыт болду


Каракол-Түп-Ананьева унаа жолунда үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. "Азаттыкка" облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн ырасташкандай, кырсык 16-ноябрда таңга маал болгон.

Маалыматта "Волга" унаасынын айдоочусу алгач жылкыны, андан кийин жол жээгиндеги бакты сүзгөнү жазылган. Автоунаадагы эки жүргүнчү ошол жерде набыт болуп, айдоочу Түп райондук ооруканасында жан берген. Бакты сүзгөн автоунаа өрттөнүп кеткен.

Милиция маркумдардын баары Түп районунун тургундары экенин билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы катталып, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза тапкан.(AKa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG