Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

Израил Газанын түштүгүндө чабуулду кеңейтиши мүмкүн экенин ишарат кылды


Газанын түштүгүндөгү качкындар лагери. 20-октябрь, 2023-жыл
Газанын түштүгүндөгү качкындар лагери. 20-октябрь, 2023-жыл

Израилдин куралдуу күчтөрү палестиналыктарга Газанын түштүгүндөгү айрым жерлерден чыгып кетүүнү эскерткен баракчаларды таштаганын жергиликтүү тургундар 16-ноябрда айтып беришти. Ассошиэйтед Пресс агенттиги бул – ЦАХАЛ жүз миңдеген киши ооп кеткен аймакка да чабуул коюуну көздөп жатат дегенди туюндурушу мүмкүн деп жазды. Гуманитардык кызматкерлер БУУ түзгөн башкалкалоочу жайлар анклавдын түндүгүнөн түштүк аймакка агылган карапайым газалыктарга толуп калганын айтып жатышат.

Ал арада израилдик аскерлер Газадагы эң ири Аш-Шифа ооруканасында операциясын улантып, имараттардын биринде табылган курал-жаракты көргөздү. Бирок комплексте ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун командалык борбору жайгашканы тууралуу далил бере элек. Согушкерлер жана оорукананын кызматкерлери ал жерде командалык пункт жок экенин айтып келишет.

ХАМАС радикал тобунун көзөмөлүндөгү Газанын Саламаттык сактоо министрлиги израилдик бульдозерлер оорукананын бир тарабындагы кире беришти сүрдүрүп салганын билдирди.

Human Rights Watch эл аралык коргоо уюму Аш-Шифада табылган куралдын сүрөттөрү оорукананы согуш мыйзамдарына ылайык корголгон жай деген макамынан ажыратууга негиз бербейт деп билдирди.

Уюм ооруканалар эл аралык гуманитардык укукта өзгөчө корголорун эске салды.

Ал арада Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газада инфекциялык илдеттер жайылышы жана ачарчылык болушу ыктымал экенин Жакынкы Чыгышка барып кайткандан кийин эскертти.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алган. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөй киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG