Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Эмомали Рахмон Москвага расмий сапар менен барат


Рахмон менен Путин. Бишкек, 13-октябрь, 2023-жыл
Рахмон менен Путин. Бишкек, 13-октябрь, 2023-жыл

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-22-ноябрь күндөрү Москвага расмий сапар менен барат. Анын жүрүшүндө орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалганын ТАСС агенттиги тажик президентинин басма сөз кызматына шилтеме менен кабарлады.

Кызматтын жетекчиси Абдуфаттох Шарифзоданын айтымында, Москвадан кийин Рахмон Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Минскидеги саммитине катышат.

Рахмон менен Путин акыркы жолу октябрда Бишкекте КМШнын саммитинин алкагында жолуккан.

Эки өлкө стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Тажикстанда Орусиянын 7 миң аскери кызмат өтөгөн эң ири базасы жайгашкан. “Озоди” радиосу жазгандай, бир миллиондой тажикстандык Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Алар Кремлдин саясий бутасына айланганын эксперттер белгилешет.

Былтыр октябрда Рахмон Путинге кайрылып, Тажикстанга «урмат менен мамиле кылууга» чакырган. Байкоочулар мындай ачык билдирүү Дүйшөмбүнүн Москванын саясатына макул эместигинен кабар берет деп чемелешкен.

Ушундай нааразылыкка жана Орусияга Украинага ачкан согуштан улам салынган санкцияларга карабай, Орусия менен Тажикстандын соодасы өсүүдө. Тажик статистика агенттигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын январь-августунда соода жүгүртүү 1,1 млрд АКШ долларынан ашкан. 2022-жылкы ушул эле мөөнөт менен салыштырганда бул 3% көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG