Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:43

Финляндия Орусия менен төрт чек ара бекетин жабат


Финляндия менен Орусиянын чек арасы. Сентябрь, 2022-жыл
Финляндия менен Орусиянын чек арасы. Сентябрь, 2022-жыл

Финляндия Орусия менен тогуз чек ара бекетинин төртөөнү ишембиге караган түнү жабат. Бул чара башпаанек сурагандардын агымын басаңдатуу үчүн көрүлүп жатканын премьер-министр Петтери Орпо бейшембидеги маалымат жыйында билдирди. Чектөөлөр жөө адамдарга, автоунаанын бардык түрүнө киргизилери, 18-февралга чейин күчүндө калары маалымдалды. Премьердин айтымында, орусиялык чек арачылар тиешелүү документтери жок кишилерди чек арага кое берүү менен кризисти жаратууда.

Финляндиянын президенти шаршембиде өлкөнүн чыгыш чек арасынан келген башпаанек сураган адамдардын көбөйүшүн Орусиянын өч алуу ыкмасы деп сыпаттаган. Саули Ниинистё Москвага Финляндиянын АКШ менен коргонуу тармагындагы кызматташтыгы жакпайт деп болжолдойт.

Финляндиялык Yle медиакорпорациясынын маалыматына караганда, акыркы бир нече айда Орусиядан Финляндияга миңдеген чет өлкөлүк киши тиешелүү документтери жок өтүүгө аракет көргөн. Алар – Ирак, Сирия, Йемен жана Түркиянын жарандары. Москва буга чейин андай кишилерге өз тарабынан чек арадан өтүүгө уруксат берчү эмес.

Финляндиянын расмий өкүлдөрү сентябрда Орусия аркылуу келген 280 киши башкалка сураганын билдиришти. Алар муну улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан көрүнүш деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG