Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:36

ЦАХАЛ ХАМАСтын саясий кеңешинин төрагасынын резиденциясына сокку урганын билдирди


Исмаил Хания
Исмаил Хания

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ 16-ноябрда жердеги операциянын алкагында ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюмунун саясий кеңешинин төрагасы Исмаил Ханиянын резиденциясына сокку урганын билдирди. Ал турак жай Газа тилкесинин сыртында жайгашкан. Жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Айрым булактар Хания Газада эместигин жазышты.

Маалыматка ылайык, аскерлер резиденция “террордук инфраструктура” катары жана ХАМАСтын жогорку жетекчилеринин “Израил жарандарына жана ЦАХАЛга каршы теракттарды уюштуруу талкууланган кездешүүлөрү” үчүн колдонулган деп эсептешет.

Израил ошондой эле Шати лагеринде жана дагы бир нече жерде согушкерлердин курал-жарагы катылган жайлар табылып, жок кылынганын билдирди.

Ал тапта ЦАХАЛ Аш-Шифа оорукана комплексинде аскердик операциясын улантты. ХАМАС радикал тобунун көзөмөлүндөгү Газанын Саламаттык сактоо министрлиги израилдик бульдозерлер оорукананын бир тарабындагы кире беришти сүрдүрүп салганын билдирди.

Израилдин бийлиги комплексте жана анын алдында хамасчылардын командалык пункту жайгашкан деп келатат. ХАМАС жана дарыгерлер муну четке кагууда.

БУУнун эсебинде, комплексте кеминде 2300 киши – бейтаптар, оорукана кызматкерлери жана жер которгон палестиналыктар бар, алар айланада салгылашуу токтобой жатканынан улам чыга албай калган болушу мүмкүн.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алган. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөй киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG