Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

Жашыл экономиканы өнүктүрүүчү долбоорлор каржыланат


Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүчү долбоорлорду каржылоого киришет.

Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева бүгүн, 16-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Жашыл экономика - 2023" форумунда сүйлөп жатып билдирди.

"Экономиканы жашыл жана туруктуу багытка өзгөртүү - кыйла инвестиция талап кылат. БУУӨП өкмөт жана банктар ассоциациясы менен бирге "жашыл" каржылоо жаатында демилгелерди ишке киргизүү үстүндө иштеп жатат. Бул "жашыл артыкчылыктарды" ишке ашырууну тездетет", - деди ал.

"Жашыл экономика - 2023" форуму Экономика жана коммерция министрлигинин, БУУӨП, ЕККУ баштаган бир катар эл аралык жана чет өлкөлүк бизнес өнөктөштөрдүн колдоосу менен өтүп жатат. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен аймактагы жашыл чечимдерди талкуулоо жана издөөгө аянтча болуп калды.

Форумга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер, ишкана-мекемелердин 500дөн ашык өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстанда 1-ноябрдан бери жүрүп жаткан “Жашыл экономика күндөрү” деп аталган акция бүгүн, 16-ноябрда “Жашыл экономика – 2023” аймактык форуму менен аяктайт.

2018-жылы “Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү” деп аталган концепция кабыл алынган. 2019-жылы өкмөт “Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын 2019-2023-жылдарга карата өнүктүрүү” программасын жарыялаган. Анын иш планы 2023-жылдын соңунда жыйынтыкталары кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG