Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Жо Байден менен Си Цзинпин Калифорнияда жолугушту


Си Цзинпин Сан-Францискодо. АКШ. 15-ноябрь, 2023-жыл
Си Цзинпин Сан-Францискодо. АКШ. 15-ноябрь, 2023-жыл

АКШ президенти Жо Байден жана Кытайдын лидери Си Цзинпин шаршембиде жолугуп, төрт сааттан ашык убакыт сүйлөштү. Байден кытайлык жолбашчыны Сан-Францисконун түштүгүндөгү Филоли багында кабыл алды.

Жо Байден жолугушуунун башында Кытайдын лидери менен өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин белгиледи.

"Түшүнбөстүктөр жана туура эмес кабылдоолорго орун калбашы үчүн бири-бирибизди түшүнгөнүбүз - эң маанилүү маселе. Биз атаандаштык чыр-чатакка айланбашынын алдын алышыбыз керек", - деди Байден.

"Жер планетасы державалардын жетишкендиктери үчүн кенендик кылат. Мен эки тараптуу мамиленин келечегине катуу ишенем", - деди Си Цзиньпин.

Жолугушуу жыйынтыгында өткөн маалымат жыйынында Жо Байден сүйлөшүүлөр "конструктивдүү жана жемиштүү" болгонун айтты. Анын сөзүнө караганда, эки лидер Кытайда өндүрүлүп, АКШга мыйзамсыз сатылып, миңдеген америкалыктардын тагдырын талкалап жаткан жасалма баңгизат - фентанилди көзөмөлдөөнү макулдашты. Байден эле эки өлкөнүн аскердик мекемелери ортосундагы байланышты калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди.

АКШ президенти Кытайдын лидери менен сүйлөшүүдө Орусиянын Украинага баскынчылыгын, Тайван маселесин жана Израилдин ХАМАС менен согушун талкуулашканын ачык айтты.

Байден журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Кытайдын лидерин диктатор деген оюн өзгөртпөгөнүн билдирди.

АКШ менен Кытайдын башчылары Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG