Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

ЕБ Орусияга жардам берген борборазиялык компанияларга санкция салууну сунуштоодо


«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысынын колуна тийген документке ылайык, Еврошаркет Орусияга каршы киргизилген санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берген Борбор Азиянын дагы бир нече компаниясына жазалоочу чара көрүүнү сунуш кылууда.

Биримдиктин санкцияларынын 12-пакетине казакстандык эки жана өзбекстандык бир компанияны камтуу каралууда.

Маселеден кабары бар биримдиктин өкүлү билдиргендей, жаңы сунуштар ушул жумада карала баштайт. Жаңы пакет уюмдун 14-15-декабрда Брюсселде өтүүчү саммитине чейин макулдашылууга тийиш.

Документтин долбоорунда айтылгандай, Казакстандын «Асман араба» компаниясы дрондорду импорттоп, орусиялык Skymec компаниясына жөнөтүп турган деп шек саналып жатат. Андан кийин алар аскердик өнөр жай комплекси менен байланыштагы уюмдарга сатылчу.

Орусиянын Бажы кызматынын маалыматында Da Group 22 былтыр миңдеген микрочип экспорттогон компания деп көргөзүлгөн.

Өзбекстандык Mvizion компаниясы санкция киргизилген орусиялык фирмага “электрондук компоненттерди жана компьютердик программалык камсыздоону” сатканы үчүн ноябрда АКШнын Соода министрлигинин “кара тизмесине” киргизилген.

Еврошаркеттин долбоору толукталышы мумкүн.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү да бир катар казак жана кыргыз компаниялары кош багыттагы электроника товарларын Орусияга жөнөтүп жатканын көрсөткөн.

Чөлкөмдүн бийликтери Орусияга каршы салынган санкцияларды бузбаганын жана жеке компанияларга тыюу салынган товарларды ташуунун кесепети тууралуу эскертишкенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG