Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:21

Собянин армияга ыктыярчыларды кабыл алуу уланарын, каалоочулар көп экенин айтты


Москва, сентябрь 2023-жыл
Москва, сентябрь 2023-жыл

Москва Орусиянын Коргоо министрлигинин келишим менен армияга алуунун быйылкы планын эрте аткарганын шаар мэри Сергей Собянин шаршембиде аскердик кызматка алуу пунктуна барган кезде билдирди.

Анын айтымында, башкалаада 47 миң киши келишимге кол койгон, алардын 22 миңден ашыгы быйыл келишим түзгөндөр. Собянин «каалоочулар көп болгондуктан, ыктыярчыларды алуу жараяны токтобойт» деп кошумчалады.

"Настоящее время" телеканалы жазганына караганда, шаар башчы бул жөн эле кызмат өтөө эмес, «атайын аскердик операция зонасындагы аракеттерге катышуу» экенин, «адамдарсыз аскердик техника жана технологиялар иштей албасын» белгиледи. "Аскердик атайын операция" деп орус бийлиги Украинага баскынчылык менен кирип барган согушту атайт.

Орусия эмки жылы да келишим менен кызмат өтөгөн аскерлерди алууну улантарын айтууда.

"Важные истории" басылмасы Орусия президентинин Борбордук федералдык округдагы атайын өкүлүнүн аппараты аймактарга Украинадагы согушка жалдоо планын бергенин жазган. Аскерге алынгандардын катарын орус паспортун алган мигранттар, банкрот болгондор, карызы барлар, жумушсуздар жана башка аялуу катмарлардын эсебинен толуктоо сунуш кылынган.

Өткөн жумада орус президенти Владимир Путин ыктыярчылар жана келишим менен Украинага кеткендер макулдашуу канча убакытка түзүлгөнүнө же качан мобилизацияланганына карабай, согуштук аракеттер аяктамайынча үйлөрүнө кайтпайт деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG