Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

"Камбар-Ата 1" ГЭСин курууга даярдык иш-чарасы өттү


Иш-чара өткөн жер.
Иш-чара өткөн жер.

Бүгүн 15-ноябрда Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү алкагында дарыянын нугун буруу үчүн узундугу 180 метр, туурасы 30 метр болгон тилкеде жардыруу иштери аткарылды. Иш-чаранын расмий бөлүгүнө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Осмон Качкынбаевдин айтымында, учурда ГЭСке баруучу жолду куруу боюнча иштер жүрүүдө:

"Учурда жолду курууга даярдык иштери 15 чакырым бүтүп калды. Дагы 3 чакырым жер даярдалат. Мындан сырткары узундугу 1380 метрди түзгөн туннел Союз кезинде аягына чыкпай калган экен. Ошонун 126 метр жерин казуу иштери жүрүүдө. Ушу тапта 90 метрдей жер калды. Ал эми жолдорду асфальттоо 2024-жылы башталат", - деди Качкынбаев.

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзөрү, ал деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте жайгашары маалым болду.

Быйыл январь айында Кыргызстандын, Казакстандын жанан Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон. Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG