Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 22-ноябрга жылдырылды


Кемпир-Абад иши боюнча соттун ачык өтүшүн талап кылган митинг. Бишкек. 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча соттун ачык өтүшүн талап кылган митинг. Бишкек. 2023-жыл.

15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Жараян дагы бир шектүү, саясатчы Азимбек Бекназаровдун жактоочусу сотко келбей калганы жана тергөө абагында жаткан 11 киши отурумга алынып келбегени үчүн жылдырылганын айтты. Кийинки соттук процесс 22-ноябрда өтөт.

“Биз тергөө абагында жаткандарды сотко алып келиш керек дегенбиз. Өткөндө сот отурумунда прокурор да ушундай өтүнүч келтирди. Судья буга чейин сотту абакта жаткандар жок эле өткөрүү чечимин кабыл алган. Шектүүлөр сот процессине тоскоолдук кылса судья аларды ошол эле отурумдан четтетип коюуга акысы бар. Бирок толугу менен соттук жараянга катышууга тыюу сала албайт да”, - деди Кантемир Турдалиев.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG