Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:06

ЦАХАЛ Газада ХАМАС көзөмөлдөгөн имараттарды басып алганын билдирди


Газада жүргөн Израилдин аскери.
Газада жүргөн Израилдин аскери.

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ шейшемби күнү аскерлери ХАМАС куралдуу тобу көзөмөлдөгөн Газадагы парламенттин, өкмөттүн жана полиция кеңсесин басып алганын жарыялады.

ХАМАС тобу АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган.

ЦАХАЛ инженердик факультеттин имаратын да басып алганын, ал жерде “курал-жарактар жасалып турганын” билдирди. “ХАМАС террордук уюмунун өкмөттүк мекемелери согуштук максаттарда, анын ичинде 7-октябрда Израилге кол салууга даярдык көрүү үчүн колдонулган”, - деп айтылат Израилдин армиясынын билдирүүсүндө.

ХАМАС куралдуу тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул койгондо туш келди ок атып, 200дөн ашуун кишини барымтага алган. Израил ХАМАСка согуш жарыялап, палестин анклавын бомбалай баштаган.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар. Тилкеде гуманитардык абал курч.

14-ноябрда БУУ соңку күндөрдө 200 миңдей палестиналык Газанын түндүк бөлүгүн таштап кеткенин, түштүктө гуманитардык абал кескин начарлаганын билдирди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG