Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:21

Газанын түштүгүндө гуманитардык абал оор


Газанын түштүк тарабына качкан палестиналыктар. Рафах, 14-ноябрь, 2023-жыл
Газанын түштүк тарабына качкан палестиналыктар. Рафах, 14-ноябрь, 2023-жыл

БУУ соңку күндөрдө 200 миңдей палестиналык Газанын түндүк бөлүгүн таштап кеткенин, түштүктө гуманитардык абал кескин начарлаганын 14-ноябрда билдирди. Маалымат боюнча тилкенин түндүгүндө бир гана оорукананын бейтаптарды кабыл алууга шарттары бар. Израил жергиликтүү тургундарды Газа шаарынан жана айланасындагы райондордон чыгып кетүүгө чакырган.

Тилкенин түштүк тарабында орун алган баш калкалоочу жайлар толуп калган. БУУнун кызматкерлери 160 кишиге бир ажаткана туура келерин айтышат. Согуш башталгандан бери жалпысынан Газада 1,5 миллион киши там-ташын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Ал арада анклавдагы ири Аш-Шифа ооруканасында камалып калгандар курчоо маалында каза болгон бейтаптарды көмүүгө камданганын Рейтер агенттиги кабарлады. Алар ымыркайларды эвакуациялоо планы жок экенин айтышууда. Ага чейин Израил көчмө инкубаторлорду жөнөтүүгө убада берген.

Медициналык комплексти курчоого алган Израилдин аскерлери ал жерде ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу "командалык пунктту жайгаштырган, бейтаптарды тирүү калкан кылып пайдаланууда" деп айыптап келишет. Уюм муну танып, ооруканада 650 бейтап менен 5-7 миң жер которгон киши калганын, алар дрондор менен көзгө атарлардын бутасына айланганын айтууда.

Согушкерлердин маалыматына караганда, 40 бейтап каза болду, арасында инкубаторлору күйүүчү майсыз иштебей калган ара төрөлгөн үч ымыркай бар.

Израил оорукана камоолго алынганы тууралуу маалыматтарды четке кагууда жана ичиндегилер үчүн чыгып кетүү жолдору түзүлгөнүн билдирди. Дарыгерлер жана комплекстегилер чыгуу аракетин көргөндөр аткылоого туш болгонун айтышууда.

Маалымат каражаттары, анын ичинде “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна бул кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүүгө мүмкүн болбой турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG