Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Болат Назарбаевдин сөөгү туулган айылында жерге берилди


Болат Назарбаевдин Шамалган айылындагы үйү. Карасай району, Алматы. 14-ноябрь, 2023-жыл.
Болат Назарбаевдин Шамалган айылындагы үйү. Карасай району, Алматы. 14-ноябрь, 2023-жыл.

Бүгүн, 14-ноябрда Алматы облусунун Карасай районундагы Шамалган айылында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевдин сөөгү жерге берилди. Болат Назарбаев 13-ноябрда, 71 жашка караганда көз жумган.

"Азаттыктын" казак кызматы тажия өтүп жаткан үйдө полиция жүргөнүн, сөөктү жерге берүү зыйнатын тасмага тартууга уруксат берилбегенин маалымдады.

Маркумдун жакындарынын бири Казакстандын экс-президенти тажияга бир күн мурун келгенин журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда Болат Назарбаевдин сөөгү туулуп-өскөн Шамалган айылындагы үй-бүлөлүк кабырга коюлду.

Мурдагы президенттин бир тууганы менен коштошууга расмий бийликтен кимдер келгени белгисиз.

Президенттин басма сөз катчысы Берик Уали мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын биринчи президентине инисинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтканын дүйшөмбүдө журналисттерге билдирген. Маркумдун тажиясына Токаев катышпай турганы кабарланган.

Нурсултан Назарбаевдин агасы Сатыбалды Назарбаевдин уулу Кайрат Сатыбалды коррупцияга айыпталып, былтыртан бери абакта. Башкы прокуратура Кайрат Сатыбалдынын иниси Самат Абиш үй камагына алынганын билдирген. Ага кандуу Январь окуясында кызмат абалынан аша чапканы үчүн кылмыш иши козголгону кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG