Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

Ош шаарынын депутаттары мэр Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү


Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.
Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.

Ош шаардык кеңеши бүгүн 14-ноябрда өтүп жаткан кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдошту, үчөө каршы болушту.

Мэр боюнча жана вице-мэрлерди кызматтан алуу тууралуу сунуштарын Ош шаарынын депутаттары бүгүн айтып чыгышкан, аларды бардык фракция лидерлери колдошкон.

Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкенин, бирок алар 95% аткарылганын мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаевге таянып мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Себептерин түшүндүрүү үчүн мэрдин орун басары Замир Юсупов сөз сураганда берилбегенин кошумчалады.

Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Ош шаары республикалык маанидеги макамга ээ, мэрди президент дайындайт.

57 жаштагы Жетигенов шаарга башчы болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" деген айыптын негизинде кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес.(DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG