Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Сырттагы мигранттардан келген акча көбөйүүдө


Орусиядан жеке которулган акчанын динамикасы. Октябрь, 2023-жыл
Орусиядан жеке которулган акчанын динамикасы. Октябрь, 2023-жыл

Сентябрь айында Кыргызстанга сыртта жүргөн мигранттардан 174 млн доллар келген. Бул августтагы көрсөткүч -155,9 млн долларга караганда 18,5 млн долларга көп.

Ошол эле учурда былтыр сентябрдагы жеке которулган акчанын суммасы - 291,9 млн долларга караганда 117,5 млн долларга аз.

Улуттук банктын маалыматында, эң көп акча - 159 млн доллар Орусиядагы мигранттардан жеке которулган. АКШдан 2,9 млн доллар, калган бардык өлкөлөрдөн чогулуп 8,6 млн доллар жиберилген.

Жалпы жыл башынан бери сыртта жүргөн мигранттардан 1 млрд 437,6 млн доллар которулган. Бул былтыркы жылдын тогуз айына караганда 774 млн долларга аз.

2022-жылы Кыргызстанга мигранттардан 2 млрд 928,2 млн доллар келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG