Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

БУУ күйүүчү май берилбесе, Газадагы иши токтошу мүмкүн экенин эскертти


Ал-Шифа ооруканасы. Газа, 10-ноябрь 2023-жыл
Ал-Шифа ооруканасы. Газа, 10-ноябрь 2023-жыл

БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттиги күйүүчү май тартыш болуп жаткандыктан, Газадагы иши токтоп калышы мүмкүн экенин дүйшөмбү күнү эскертти. “Газага күйүүчү май жеткирүүгө уруксат берилбесе, гуманитардык операциялар 48 сааттын ичинде үзгүлтүккө учурашы ыктымал”, - деп жазды агенттиктин Газадагы директору Томас Уйат Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнгө.

Израил менен ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркет террордук уюм деп тааныган) согушу курчуганы блокадада калган тилкеде гуманитардык абал күндөн күнгө начарлап баратат.

Ал жактагы ооруканалардын кызматкерлери эң керектүү медициналык каражаттар түгөнүп баратканын айтышууда. Электр энергиясы берилбей калганда генераторлор колдонула баштаган. Эми алардын ишин камсыздаган суюк отун тартыш болууда.

Палестин качкындары боюнча агенттиктин жетекчиси Филипп Лаззаринин күйүүчү майдын запастарын толуктоо өтүнүчүн жөөт аскерлери жоопсуз калтырганын билдирди.

Израил бийлиги күйүүчү майды ХАМАС согуштук аракеттер үчүн колдонуп жатканын, анын запастары тилкедеги муктаждыктарды жабууга жетиштүү экенин айтууда. Алардын маалыматына караганда, Ал-Шифа ооруканасына 300 литр күйүүчү май берилген. Бирок палестиналыктар бул бир нече саатка жетерин билдирди.

12-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Газадагы ири Ал-Шифа медициналык комплекси менен байланыш үзүлгөнүн билдирген. Дүйшөмбүдө эл аралык уюмдар байланыш калыбына келгенин маалымдаган. Ал жайды Израилдин танктары курчоого алганы кабарланган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемесинин өкүлдөрү жана Ал-Шифа ооруканасынан чыга албай калгандар Израилдин балдар жана башка жабыркагандар эвакуацияланып жатат деген сөздөрүн четке каккан. Алардын айтымында, ооруканага жакын жерде кармаштар уланууда, эң зарыл нерселер түгөнүп баратат, электр энергиясы жок.

11-ноябрда Израил армиясынын өкүлү Даниел Хагари оорукананын чыгыш тарабы бейтапканадан чыгып кетүүнү каалаган газалыктар үчүн ачык экенин, жекшемби күнү ымыркайлар коопсуз жайга жеткирилерин билдирген.

Маалымат каражаттары жазганын караганда, жекшембиде Газанын тургундары тилкеге ири сокку урулганын, оорукананын айланасы катуу аткыланганын маалымдашкан. Израил медициналык комплекстин ичине жана астына командалык пунктту жашырган деп ХАМАСты айыптаганын, бирок далилдерди келтирбегенин Ассошийэтед Пресс агенттиги жазды. Радикал топ жана оорукананын кызматкерлери андай маалыматты четке кагышты.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ишембиде ооруканадагы акыркы генератордо күйүүчү май түгөнгөндө, инкубатордогу үч ымыркай чарчап калганын, төрт бейтап каза тапканын, дагы 36 наристенин өмүрү кооптуу абалда экенин билдирди. Бирок көз карандысыз булактардан муну ырастоо мүмкүн эмес.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 240ка жакын киши барымтадан бошотулмайынча ок атуу токтобосун кайталады. ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салаганда 1400 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун кишини Газанын аймагына алып кеткен.

ХАМАС радикал тобу башкарган Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин жекшемби күнкү маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар. Газада өлгөндөрдүн арасында эл аралык уюмдардын кызматкерлери, журналисттер да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG