Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:15

Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков УКМКга сурак берип чыкты


Элмурат Калыбеков.
Элмурат Калыбеков.

13-ноябрда абактагы оппозициялык саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары сурак берип чыкты. Ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу эки сааттан ашык суралганын “Азаттыкка” өзү айтты.

“Бишкек шаардык сотунда 13-сентябрда Адахан Мадумаровдун биринчи соту болгон. Ошол жерде Замирбек Шамшидин уулу сүйлөгөн сөздөр боюнча күбө катары суралдым. Сурак купуя сыр боюнча калат деп кол коюп бердим”.

Ушул эле иш боюнча 13-ноябрда УКМКда журналист Канышай Мамыркулова да күбө катары суралган. УКМК сурак боюнча комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Замирбек Шамшидин уулун 25-сентябрда баш калаадагы №1 тергөө абагына камаган. 13-ноябрда сот анын камактагы мөөнөтүн 8-декабрга чейин узартты.

8-сентябрда Шамшидин уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында сүйлөгөн сөзүн экспертизага берип, иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн адвокаты билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG