Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Журналист Мамыркулова УКМКда күбө катары сурак берип чыкты


Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

13-ноябрда журналист Канышай Мамыркулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты.

Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу суралганын айтты.

“Тиешелүү кагаздарга кол коюп бердим. Баарын тең ачыктаганга болбойт. Түз айтканда менин кесиптик ишмердигиме байланышы жок. Суроолорго мыйзамдын алкагында жооп бердим”, - деди ал.

УКМК сурак боюнча комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Замирбек Шамшидин уулун 25-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Райондук сот 13-ноябрда анын камактагы мөөнөтүн узартып, 8-декабрга чейин абакта калтырды.

Аны атайын кызмат 21-сентябрда кармаган. Адвокаты Алманбет Бексултанов Замирбек Шамшидин уулуна кылмыш иши 8-сентябрда козголгонун айткан. Бирок 13-сентябрдагы шаардык соттун алдындагы митингден кийин башка беренеге алмаштырылган.

Замирбек Шамшидин уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. Адвокаты 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында сүйлөгөн сөзүн экспертизага берип, иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн билдирген. (BTo/MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG