Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Абактагы Жээнбеков саясий куугунтук күчөгөнүн айтты


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков кат аркылуу коомчулукка кайрылып, Кыргызстанда жакырчылык, жумушсуздук көбөйүп, ишкерлер кысымга кабылып жатканын билдирди.

Саясатчынын билдирүүсү 13-ноябрда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Ал өлкөдө саясий куугунтук күчөгөнүн айтып, эркин мамлекетте гана жакырчылык жоюлуп, сот адилеттүү болорун, бийлик элге иштеп, жеке менчик корголо турганын жазды.

“Бийликтин кемчилигин айткан журналисттер, медиалар, активдүү жарандар жана саясатчылар куугунтукталууда же камалууда. Калп айтуу, маалыматтарды бурмалоо, болбогон долбоорлорду жана көрсөткүчтөрдү көбүртүп-жабыртып элге таңуулоо мамлекеттин негизги расмий саясатына айланды”, - деп айтылат кайрылууда.

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, ал эми экономика алдыга жылып, айлык, пенсия, жөлөк пул көтөрүлүп жатканын кайталап келет.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар.

Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG