Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Абактагы активист Гүлжигит Исаковдун тарапташтары президентке кайрылды


Гүлжигит Исаков
Гүлжигит Исаков

Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун тарапташтары 13-ноябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Алар Исаковдун күнөөсү жоктугун айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Ошондой эле активисттин иши адилеттүү тергелбей, аны менен толук таанышууга мүмкүн болбой жатканын айтышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен 5-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаков, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматова, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев жана дагы эки кишини камакка алган.

Алар чет элдик булактардан акча алып, бийликти басып алууга даярдык көргөн деп айыпталган жана УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин кармалгандардын экөө үй камагына чыкканы кабарланган.

Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында бийликти байма-бай сындап келген. Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу темаларда ой-пикирлери менен бөлүшүп турган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG