Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Казакстанда экс-министр аялынын өлүмүнө шек саналып камалды


Куандык Бишимбаев
Куандык Бишимбаев

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев 31 жаштагы Салтанат Нукенованын өлүмүнө шек саналууда. Экс-министр 11-ноябрда Астана сотунун чечими менен "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эки айга камалды.

12-ноябрдын кечинде ушул ишке байланыштуу Астанадагы "Гастро-борбор" деп аталган соода борборунун жетекчиси да "адам өлүмүн жашырган" деген шек менен кармалды.

Астананын полиция департаменти маалымдагандай, келин аталган борбордогу ресторандардын биринде сабалган. Полиция "кылмышты жашыруу" жана "коркунучта калтыруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы ал коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алганы үчүн айып тагылган. 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG