Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Парижде антисемитизмге каршы жүрүш өтүүдө


Париждеги жүрүш. 12-ноябрь, 2023-жыл.
Париждеги жүрүш. 12-ноябрь, 2023-жыл.

12-ноябрда Франциянын баш калаасы Парижде миңдеген адамдар антисемитизмге каршы жүрүшкө чыгышты. Ага француз премьер-министри Элизабет Борн баштаган расмий жетекчилер, мурдагы президенттер Николя Саркози жана Франсуа Олланд сыяктуу саясатчылар катышууда.

Жүрүшкө француз президенти Эммануэл Макрон келген жок. Бирок ал ишемби күнкү билдирүүсүндө француз элин антисемитизмдин кайра күчөгөнүн айыптоого чакырган.

Парижде жүрүш маалындагы коопсуздукту камсыздоого 3 миңдей полиция кызматкери тартылды.

Француз полициясы билдиргендей, 7-октябрда Израил менен Газадагы ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террорчул уюмдардын катарына кошкон) ортосунда согуш тутангандан бери Францияда жөөттөргө каршы 1247 акт катталган. Бул 2022-жылдын ичиндеги мындай окуяларга салыштырмалуу үч эсе көп.

Бир күн мурда Франциянын Париж жана Марсель сыяктуу бир нече шаарында миңдеген адамдар Газадагы согуштук аракеттери токтотуу талабы менен жүрүшкө чыгышкан. Алар Палестинанын желегин булгалап, француз өкмөтүн Израилдин Газадагы бомбалоолорун токтотууга көмөктөшүүгө чакырышкан.

Газадагы палестиндерге тилектештик билдирген ири жүрүш 11-ноябрда Британиянын баш калаасы Лондондо да өттү. Ага 300 миңдей адам катышканы белгилүү болду. Чогулгандар Лондондогу Гайд-парктан АКШнын элчилигин көздөй 5 чакырымдай жол басышты.

Лондондогу жүрүш, 11-ноябрь 2023-жыл.
Лондондогу жүрүш, 11-ноябрь 2023-жыл.

Газада согуш башталганына алтынчы аптага аяк басты. ХАМАС радикал тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG