Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Газа тилкесиндеги ондогон адамдар Египеттин аймагына өттү


Рафах өткөрмө бекети.
Рафах өткөрмө бекети.

Израилдин бомбалоосуна туш болуп жаткан Газа тилкесиндеги ондогон чет элдиктер, кош жарандыгы бар тургундар жана жаракат алган палестиндер 12-ноябрда Рафах өткөрмө бекети аркылуу Египеттин аймагына өтүштү. Бул маалыматты чек аранын эки тарабы тең ырастады.

Египеттин атайын кызматтарына байланышы бар AlQahera News сайты жазгандай, баш-аягы "элүү кош жарандыгы бар адам" жана "жарадар болгон жети палестин тургуну" Рафак өткөрмө бекетинин Египет тарабына өтүп келишти.

Ишемби күнү Газа тилкесиндеги АКШ жана Евробиримдик террорчу уюм деп мүнөздөгөн ХАМАС радикал тобу башкарган өкмөт эвакуация тизмесиндеги бардык чет өлкөлүк жарандарды жана башка тургундарды Рафах өткөрмө бекетине келүүгө чакырган.

Рафах - Газа тилкесин Египеттин Синай жарым аралы менен байланыштырган, Израил көзөмөлдөбөгөн жалгыз өткөрмө бекет. Бул бекет жума жана ишемби күндөрү жабык турганы кабарланган.

Газада согуш башталганына алтынчы аптага аяк басты. ХАМАС радикал тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG