Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

КМШнын саламаттык сактоо министрлеринин “Ден соолук” жарышы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери катышкан “Ден соолук” жарышы уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн 12-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “Дени сак улут – гүлдөп өскөн өлкө” урааны астында өтө турган бул спорттук иш-чара КМШнын саламаттык сактоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны алкагында уюштурулууда.

Жарыш "Газпром" комплексинде өтөт, ага Дүйнөлүк саламаттык уюмунун (ДСУ) Европа аймагы боюнча директору Ханс Клюге да жана жергиликтүү медицина мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери, медициналык окуу жайлардын студенттери катышат.

Министрлердин жана башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлердин жыйыны 15-ноябрда өтөт, анда жыл жыйынтыгы чыгарылып, кызматташтыктын мындан аркы багыттары аныкталат.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG