Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Садыр Жапаров Кыргызстан Газага гумжардам көрсөтүүгө даяр экенин айтты


Газа тилкесинин жашоочулары.
Газа тилкесинин жашоочулары.

11-ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз самиттинде Кыргызстан Газа тилкесиндеги калкка гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр", - деди президент.

Жапаров "бейкүнөө жарандардын, анын ичинде балдар менен аялдардын өмүрү кыйылышы кабыл алынгыс экенин жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш" экенин белгиледи.

Кыргызстандын лидери Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин жана Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана Газа тилкесиндеги кризисти жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Президент Жапаров Ташкент шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитинде Газа тилкесиндеги согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү процесстерин баштоого чакырган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин жөөт армиясы согуш жарыялаган.

ХАМАС радикалдык тобу көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо мекемеси жума күнү бир айдан ашуун согушта 11 миңден ашуун кишинин каны төгүлгөнүн, алардын 4,5 миңи балдар экенин кабарлады.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Израил армиясынын өкүлү жума күнү Газанын түндүгүнөн 100 миңден ашуун палестин анклавдын түштүк тарабына чыгып кеткенин билдирди. Тель-Авив элге коопсуз жерлерге кетүүгө коридор ачуу үчүн жумадан тарта алты сааттык тыныгуу болорун жарыялады.

Улуттар Уюмунун белгилешинче, учурда жүз миңдеген киши Израил армиясы сокку уруп жаткан түндүк райондордо калганын белгилеген.(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG