Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:40

Иликтөө: Бакиев Беларуста эки башка паспорт алган


Видео иликтөөдөн алынган скриншот.
Видео иликтөөдөн алынган скриншот.

"Беларус иликтөөчүлөрүнүн альянсы" долбоорунун иликтөөчүлөрү Беларуста качып жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев ал өлкөдө башка ысым менен экинчи паспорт алганы тууралуу видео жарыялашты.

Беларус иликтөөчүлөрү Курманбек Бакиевге Александр Лукашенконун атайын буйругу менен 2010-жылы август айында жарандык жана паспорт берилгенин аныкташкан. Бирок, Курманбек Бакиев кийин "Закир Салиев" деген ысым менен ID номерлүү экинчи паспорт алган.

Башкача айтканда, ал өлкөдөгү "Закир Салиев" деген жаран – Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиев экени аныкталган. Беларус иликтөөчүлөрү Бакиевге эмнеге экинчи паспорт керек болгонун айтып беришкен.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматында, Курманбек Бакиевдин үч аялы болгондуктан айрым балдарына "Закир Салиев" деген паспорт менен документ алган.

Видео иликтөөдө Курманбек Бакиевдин жакын туугандары, анын ичинен Жаныш Бакиев, Асылбек Салиев дагы эки паспорт алганы баяндалат. Журналисттер Бакиевдин туугандары беларус документтери менен КМШ эмес, Европа өлкөлөрүнө чыгып жүргөнүн билдирди.

Беларус иликтөөчүлөрү Бакиевге жана анын үй-бүлөсү, жакындары мыйзам бузуу менен документ берилгенин белгилеген. Өз өлкөсүндө соттолгон Бакиевдердин Беларустагы бизнес, байлыктары жөнүндө баяндап беришкен.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Беларуста Бакиевдин үй-бүлөсүнүн же ага жакын адамдардын бизнес же мүлкү тууралуу маалыматтар буга чейин да бир нече жолу жарыяланган. TUT.BY басылмасы Беларуста жаңы түзүлгөн Улуттук биотехникалык корпорациясын Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго окшош киши жетектей турганын, анын аты Даниил Урицкий экенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG