Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын 21 жаштагы энеси кармалып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренесине (“Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү”) шек саналып жатат.

Милициянын маалыматында таштандыдан табылып, №1 төрөт үйүнө жеткирилген ымыркайдын абал туруктуу.

8-ноябрда 23:30 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкта салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Милиция факт боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, жаңы төрөлгөн ымыркай 2 кг 210 грамм салмактагы эркек бала. Дарыгерлер өз убагында төрөлгөнү менен ымыркайдын салмагы аз экенин, температурасы 28,4 градуска чейин түшүп, катуу гипотермиядан улам абалы оор экени белгиленген.

Балалуу болгонун жашыруу максатында төрөгөн ымыркайын таштандыга же дааратканага таштап кеткен учурлар буга чейин да катталган. Эки жыл мурда Жалал-Абадда дааратканага ташталган ымыркай куткарылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG