Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Столтенберг НАТОго мүчө өлкөлөрдү Украинадагы “узак согушка” даяр болууну эскертти


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Берлиндеги маалымат жыйында. 10-ноябрь, 2023-жыл.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Берлиндеги маалымат жыйында. 10-ноябрь, 2023-жыл.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын союздаштарын Киевге орус агрессиясына каршы согушта аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууга чакырып, "узак жаңжалга" даяр болууну эскертти.

“Биз украиналыктар согуш талаасында жеңилип калбашы үчүн аларга курал-жабдык жөнөтүүнү улантышыбыз керек”,-деди Столтенберг Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийин.

Ошол эле маалда баш катчы немистердин dpa маалымат агенттигине курган маегинде Украинага жана анын союздаштарына өз максатына жетүү үчүн дагы көп убакыт керек болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

9-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында жана түштүгүндө контрчабуул жай жүрүп жатканын белгилеп, буга Батыштын курал-жарагынын убагында жеткирилбей калганы да себеп болгонун кошумчалаган. Ал кийинки жылга карата конкреттүү планы бар экенин да билдирген.

Орусиянын армиясы Украинанын аймагын абадан аткылоону улантууда. Согуш тилкесинде ушул тапта орус күчтөрү Авдеевка шаарын алуунун аракетин көрүп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG