Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

Араван районунда апасы сабаган эки жашар эгиздер атасына берилди


Араван.
Араван.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Оштун Араван районунда энеси сабаган эки жашар эгиз наристе тууралуу маалымат берди. Мекеменин маалыматына караганда, кыздардын биологиялык атасы жана башка туугандары табылды. Наристелер өзүнүн атасынын кароосуна берилди. Аларды тарбиялап, кароого эжеси көмөк көрсөтө турганы маалыматта белгиленген.

"Зордук-зомбулук фактысы ачыкка чыккандан кийин балдар энесинен ажыратылып алынып, ооруканага жаткырылып, толук камкордукка алынган. Учурда балдардын апасы камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду. Кыздардын ата-энелери никеге турбагандыктан, Араван раойондук башкармалык аталыкты аныктоо үчүн зарыл болгон процедураларды жүргүзгөн", - деп билдирди министрлик.

8-ноябрда Ошто өз балдарын сабаган эне кармалганын Ош облустук милициясы билдирген.

Буга чейин социалдык тармакта аял киши эки баланы уруп жаткан видео тасма тараган. Милиция чогултулган материалдардын негизинде балдарын сабаган энени аныктаган жана ал 21 жаштагы Д.С. экени айтылган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан балдар өзүнүн эки жашар эгиз кыздары экендигин, заара ушатып койгондугу үчүн аларды сабаганын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде келинге Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Учурда социалдык тармактарда эненин кармалышы боюнча түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Айрымдар буга алсыз наристелерди урган энени күнөөлөсө, кээ бири коомду, аң-сезимди оңдоо зарылдыгын, келиндин абалын сүрүштүрүүнү белгилешкен.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын буга чейин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Ал келтирген маалыматка караганда, 2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кызды мажбурлап никеге тургузуу фактысы катталса, ал иштердин 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Андан тышкары 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага коргоо ордери берилген.

Былтыр балдардын ишеним телефонуна 94 579 кайрылуу болгон. Жашы жете электерге карата зомбулукка байланыштуу 286 телефон чалуу болгон. Суицид коркунучу менен телефон чалган төрт кишинин үчөө балдар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG