Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:07

Вашингтон: Байден менен Си Цзиньпин 15-ноябрда АКШда жолугат


АКШ президенти Жо Байден жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин. 14-ноябрь, 2022-жыл.
АКШ президенти Жо Байден жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин. 14-ноябрь, 2022-жыл.

Жогорку даражалуу америкалык аткаминерлер билдиргендей, АКШнын президенти Жо Байден Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен 15-ноябрда бетме-бет жолугушат.

Бул эки лидердин быйылкы жылдагы алгачкы жолугушуусу болуп калат. Маалыматка караганда, Байден менен Синин кездешүүсү Сан-Франциско булуңунун аймагында өтө турчу Азия-Тынч океан экономикалык кызматташуу саммитинин алкагында болот.

Бээжин менен Вашингтондун расмий адамдарынын катышуусунда өтө турган иш-чара бир нече саатка созулары күтүлүүдө. Анда эки державанын ортосундагы чыңалууну азайтуу аракети көрүлөрү кабарланды.

Ысымын жарыялагысы келбеген Байдендин администрациянынын жогорку даражалуу өкүлүнүн айтымында, лидерлер Газадагы согуштан баштап, Орусиянын Украинага кол салышы, Пхеньян менен Москванын алакалары, адам укуктары, жасалма интеллект жана адилетүү соода-экономикалык алакаларга чейин талкуулашы ыктымал.

Байден менен Си соңку ирет былтыр ноябрда Индонезиянын Бали аралында "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында жолугушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG