Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

ЦАХАЛ Газа тилкесинде алты сааттык тыныгуу жарыялады


Газа тилкесинин түндүгүнөн түштүгүнө чыгып кетүүгө аргасыз болгон палестиндер. 9-ноябрь, 2023-жыл.
Газа тилкесинин түндүгүнөн түштүгүнө чыгып кетүүгө аргасыз болгон палестиндер. 9-ноябрь, 2023-жыл.

Израилдин армиясы 10-ноябрда Газа тилкесиндеги чабуулдарда алты сааттык тыныгуу жарыялады. Бул убакыт аралыгында Салах аль-Дин көчөсүндө эваукациялык коридор ачылат. Ал аркылуу карапайым тургундар Газа тилкесинин түштүгүнө чыгып кете алат. Коридор жергиликтүү убакыт боюнча 10:00-16:00гө чейин ачык болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун жана Израил өкмөтүнүн маалыматына ылайык, соңку күндөрү Газа тилкесинин түндүгүндө жашаган он миңдеген жайкын тургун түштүккө чыгып кетишти.

Израил элге коопсуз жерлерге кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бейшембиден тарта Газанын түндүгүндө күнүнө төрт сааттык тыныгуу болорун билдирген. Вашингтон муну туура кадам деп сыпаттады. Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирбинин айтымында, тыныгуу тууралуу сөз АКШ жана Израилдин расмий өкүлдөрүнүн, анын ичинен президент Жо Байден менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүлөрүндө козголуп келген.

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газага сокку урууну жана жердеги операциясын улантууда.

Бейшембиде ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн анклавдын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталгандан бери 10812 киши өлгөнүн, алардын 4412си балдар экенин жарыялады.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу бул маалыматтарды башка булактардан бышыктай алган жок.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган.

Толук блокадада калган палестин анклавында карапайым эл азап чегип, гуманитардык кырдаал апаатка айланып баратканын эл аралык агенттиктер эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG