Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Вашингтон: Израил Газанын түндүгүндө тыныгуу болорун билдирди


Газанын түштүгүнө жер которгон палестиндер. 8-ноябрь, 2023-жыл
Газанын түштүгүнө жер которгон палестиндер. 8-ноябрь, 2023-жыл

Израил элге коопсуз жерлерге кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бейшембиден тарта Газанын түндүгүндө күнүнө төрт сааттык тыныгуу болорун билдирген. Вашингтон муну туура багыттагы кадам деп сыпаттады. Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирбинин айтымында, тыныгуу тууралуу сөз АКШ жана Израилдин расмий өкүлдөрүнүн, анын ичинде президент Жо Байден менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүлөрүндө козголуп келген.

Ак үйдүн өкүлү ок атышууну убактылуу токтотуу жергиликтүү тургундарга коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө жана Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө, ошондой эле барымтадагыларды алып чыгууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

“Израилдиктер тыныгуу жарыяланганда ал райондордо аскердик операциялар жүрбөсүнө ишендиришти”, - деп айтты Кирби. Муну менен катар ал ок атышууну толук токтотуу азыр максатка ылайык келбесин, ал ХАМАСка жардам берерин кошумчалады.

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газага сокку урууну жана жердеги операциясын улантууда.
Бейшембиде ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 10812 киши өлгөнүн, алардын 4412си балдар экенин жарыялады.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу бул маалыматтарды башка булактардан бышыктай алган жок.
7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган.

Толук блокадада калган палестин анклавында карапайым эл азап чегип, гуманитардык кырдаал апаатка айланып баратканын эл аралык агенттиктер эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG