Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Бишкектен уурдалып, Москвага өткөрүлгөн Скорякин аэропортто сабалганын айтты


Лев Скорякин
Лев Скорякин

Кыргызстанда жүргөн жеринен уурдалып, Москвада тергөө абагына камалган орусиялык «Солчул блоктун» активисти Лев Скорякин укук коргоочу Иван Асташинге кат жазды. Асташин өзүнүн Телеграм-каналына жазганына караганда, ал буга чейин Скорякинге кат жолдогон.

Укук коргоочу анын «Мен тирүүдөй, аман-соодой көрүнөм, бирок 17-октябрда эртең менен өзүмдү анча жакшы сезген эмесмин. Макул, кайгылуу нерселерди сөз кылбай эле коелу», - деген сөздөрүн жазып, муну Скорякин аны уурдагандан кийин кыйнашканын кыйытып жатат деп чечмелейт.

«Солчул блоктун» активистин быйыл 16-октябрдан 17сине караган түнү Бишкекте уурдап кетишкен. Кийин Москвадагы тергөө абагына (СИЗО-2) же Бутыркага отургузушкан.

Адвокат Евгения Григорьева 9-ноябрда аны менен жолугушканы кабарланды. Скорякин Бишкекте аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармаганын, аэропортко алып келишкенде ал жерде Москвадагы «Таганская» метро станциясынын ички иштер бөлүмүнүн жана орус атайын кызматынын (ФСБ) эки кызматкери болгонун, колундагы кишенди учакта гана чечишкенин айтып берди. Адвокат «Медиазона» басылмасына маалымдагандай, активист Москвадагы «Домодедово» аэропортунда аны так калтырбай уруп-сабашканын айтты.

Укук коргоочулар Скорякин тергөө абагында эки жума негизсиз камалып, кыйноого кабылганын айтышат. Алардын божомолунда, активистке күч менен "Орусияга өз ыктыярым менен кайтып келдим" деп айттырууну көздөшкөн.

3-ноябрда «Саясий туткундарды колдоо. Мемориал» укук коргоо уюму Скорякиндин адвокаттарына таянып, ал Москвада кыйноолорго туш болгонун билдирген.

Скорякинге жана анын “Солчул блоктогу” шериги Руслан Абазовго Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган. Буга алардын 2021-жылы декабрь айында өткөргөн акциясы түрткү болгон. Активисттер Москвадагы ФСБнын бөлүмдөрүнүн биринин жанында от жагып, "Чекисттердин күнү менен!" деген баннер илишкен.

Алар Орусиядан 2022-жылы жайында чыгып кеткен. Скорякин быйыл июнь айында Бишкекте кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган. Укук коргоочулардын айтымында, ал сентябрь айында камактан чыгарылган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Скорякин башпаанек сурагандыктан, аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан. Абазов Хорватияга чыгып кетип, ошол жактан башпаанек сураган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG