Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Париждеги жыйында Газага жардам берүү маселеси талкууланууда


Газа тилкеси. 15-октябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. 15-октябрь, 2023-жыл

80дей өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Парижде Газа тилкесине берилген жардамды координациялоо маселесин талкуулап жатышат. Ошол эле маалда байкоочулар согуштук аракеттерде тыныгуу жарыяланмайынча, конкреттүү кадамдарды ишке ашыруу кыйын болорун айтышат.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салып, жүздөгөн киши каза таап, 200дөн ашууну барымтага алынгандан кийин жөөт өкмөтү жооп иретинде жоочуларга каршы согуш ачкан. Ошондон бери палестин анклавында миңдеген киши өлтүрүлдү, жараат алды жана бомбалоолордон качып жер которууга мажбур болду.

Париждеги жыйынга Палестина автономиясынын премьер-министри катышууда, Израилдин өкүлдөрү ага чакырылган эмес. Франция Израилге жыйында айтылгандар тууралуу маалымат берилип турарын билдирди.

Француз башкалаасына Египет, Иордания жана Перс булуңундагы мамлекеттер сыяктуу регионалдык оюнчулар, Батыш өлкөлөрүнүн, "Чон жыйырманын" Орусиядан тышкаркы өкүлдөрү келди. Газада иш алып барган эл аралык бейөкмөт уюмдар да катышууда.

Бирок мамлекет жана өкмөт башчылары, тышкы иштер министрлери өңдүү жогорку жетекчилердин аз келишин бейөкмөт уюмдар сындап чыгышты.

Конференцияда Газага 1 жарым миллиард доллардан ашуун каражат бөлүү, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн өткөөлдөрдү ачуу маселеси талкууланат.

Франциянын расмий өкүлү ХАМАС барымтага алган адамдары бошотуу маселеси да ортого салынарын билдирди.

Палестиналык ХАМАС тобу АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG