Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:21

Декабрдан тартып Бишкек-Чэнду аба каттамы ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” аэропорту Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына туруктуу аба каттамы ачыла турганын 9-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, кытайлык Loong Air авиакомпаниясынын учактары быйыл 12-декабардан 30-мартка чейин бул каттам боюнча жумасына эки жолудан (шейшемби жана ишемби күндөрү) учуп турат.

Учурда бул авиакомпания Бишкектен Кытайдын Сиан шаарына каттамдарды аткарууда.

Быйыл март айында Кыргызстандын Кытайдагы (КЭР) элчиси Актилек Мусаева Жарандык авиация администрациясынын Эл аралык департаментинин директору Чэн Вэй менен жолугушуп, Бишкек – Бээжин, Бээжин – Бишкек түз авиакаттамын ачуу жана кошумча аба коридорлорун уюштуруу тууралуу сүйлөшкөн.

Жолугушууда электрондук коммерцияны өркүндөтүү үчүн Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуучу каттамдарды уюштуруунун мааниси да талкууланган.

Учурда Кыргызстандан Кытайга жүргүнчү ташуучу түз авиакаттам катары Бишкек – Үрүмчү – Бишкек багыты гана аткарылат. Каттам 2021-жылы убактылуу токтоп, 2022-жылы кайрадан жанданган.

Мындан сырткары Бишкектен Шанхайга жана Гонконгго жүк ташуучу авиакаттамдар бар. Калган багыттарга жүргүнчү жана жүк ташуучу каттамдар башка өлкөлөр аркылуу аткарылат.

“Манас” аэропорту өткөн жылы 11 айда 4 миллион 725 миң 566 жүргүнчүнү тейлеген. Алардын 1 миллион 418 миңи ички каттамдар менен каттагандар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG