Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

“Авангард Стилдин” директору Эрнис Миңкеев тил кат менен бошотулду


Эрнис Миңкеев. Архивдик сүрөт.
Эрнис Миңкеев. Архивдик сүрөт.

“Авангард Стиль” курулуш компаниясынын директору Эрнис Миңкеев туруктуу жашаган жеринен башка жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде тергөө абагынан бошотулганын бүгүн 9-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Миңкеевди кармаган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган, натыйжада Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен ал камактан бошотулган.

Миңкеевди камакка алуу чечимин аталган сот органы 9-октябрда чыгарып, ал 4-ноябрга чейин абакта болору айтылган.

Соттун маалыматына караганда, ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган.

Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тиешелүү мүлк тизмесин жарыялаган тасмада Чүй облусунун Байтик айылындагы "Салкын-Төр" шаарчасы да бар болчу. Бул объектини "Авангард Стиль" компаниясы куруп жатканын ишкананын социалдык түйүндөрдөгү баракчасынан көрүүгө болот.

Миңкеев менен катар ушул эле айыптын негизинде “Элитхаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев жана “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов да кармалып, Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) киргизилишкен.

Акматовдун бөгөт чарасын Октябрь райондук соту 30-октябрда карап, аны 4-январга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Файзиевди 9-декабрга чейин камакта кармоо тууралуу райондук соттун чечимин шаардык сот да күчүндө калтырган.

Кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен башка да ишкерлер кармалганы кабарланган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG