Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Дүйшөмбүдө ооган дипломаты "Талибандын" катын тытып салды


Ооганстандын мурдагы өкмөтү дайындаган элчи Мохаммад Захир Агбар журналисттердин көзүнчө "Талибан" кыймылынын атынан таратылган каттын көчүрмөсүн тытып салды. 7-ноябрь, 2023-жыл.
Ооганстандын мурдагы өкмөтү дайындаган элчи Мохаммад Захир Агбар журналисттердин көзүнчө "Талибан" кыймылынын атынан таратылган каттын көчүрмөсүн тытып салды. 7-ноябрь, 2023-жыл.

Ооганстандын 2021-жылга чейинки өкмөтү дайындаган Тажикстандагы элчиси Мохаммад Захир Агбар журналисттердин көзүнчө "Талибан" кыймылынын атынан маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарга жарыяланган каттын көчүрмөсүн тытып салды. Ал катта "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Дүйшөмбүдөгү элчиликке биринчи катчы кылып өз өкүлүн дайындаганы жазылган.

Эки жылдан ашуун Ооганстанды башкарып жаткан талибдер бул боюнча расмий комментарий бере элек.

"Мыйзамдуу түзүм пайда болгуча бул топтун ["Талибандын"-ред.] биз үчүн эч кандай легитимдүүлүгү жок”, - деди Мохаммад Захир Агбар. Элчи Кабулдагы талибдердин өкүлдөрү эки жыл ичинде аны менен бир да жолу байланышпаганын айтты.

Быйыл мартта Тоолуу Бадахшандын борбору Хорог шаарындагы ооган консулдугунун имараты кар көчкүдөн жабыркаган соң ал жакка "Талибан" өкмөтүнүн өкүлдөрү келип кеткени кабарланган. Анда расмий Дүйшөмбү бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Мурдагы бийлик кулатылгандан кийин бир катар мамлекеттер, анын ичинде Иран Ооганстандын дипломатиялык миссиясын талибдерге өткөрүп берген. Анткен менен тажик бийлиги Кабулдагы "Талибан" өкмөтүн тааныган эмес жана соңку эки жылдан бери алардын бир дагы дипломатиялык өкүлүн кабыл алган жок.

Ошол эле учурда эки коңшу өлкө ортосунда экономикалык кызматташуу уланууда. Тактап айтканда, Тажикстан мурдагыдай Ооганстанга эле электр энергиясын жеткирет.

"Талибан" кыймылы 2021-жылдын августунда Кабулда бийликти басып алган. Эки жылдан бери бир да мамлекет Ооганстандын жаңы бийлигин расмий тааный элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG