Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:52

Орус армиясынын аткылоосунан Украинада беш тургундун өмүрү кыйылды


Орусиянын армиясынын ракеталык чабуулунун кесепети. Украина. 2-ноябрь, 2023-жыл.
Орусиянын армиясынын ракеталык чабуулунун кесепети. Украина. 2-ноябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясынын аткылоосунан соңку бир сутка ичинде беш карапайым тургундун өмүрү кыйылып, бир нечеси жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 8-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Донецк облусундагы Бахатыр айылына жасалган соккудан кеминде үч киши мүрт кетти. Чабуул “Смерч” реактивдүү системасынан жасалган болушу мүмкүн деп белгиленет прокуратуранын билдирүүсүндө. Ондогон менчик турак жай жабыркаганы кабарланды.

Харьков облусунда орус күчтөрүнүн аткылоосунан 57 жаштагы карапайым тургун набыт болуп, үч полиция кызматкери жараат алганын Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди. Ал жакта кол салууда темир жол вокзалы талкаланганы маалым болду.

Херсон облусуна жасалган орус армиясынын аба чабуулунан бир жайкын тургун мүрт кетип, бир киши жабыркаганын облус губернатору Александр Прокудин 8-ноябрда Телеграмга жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы шаршембиде билдиргендей, орус армиясы Донецкидеги Авдеевка шаарын курчоого алуу аракетин көрүп жатышат. Соңку бир суткада фронтто 45тей кагылышуу катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG