Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:21

Кыргыз-тажик чек арасы: 17,98 чакырым тилке макулдашылганы айтылды


Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жолугушуу. Бустон, (Тажикстан). 1-8-ноябрь, 2023-жыл
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жолугушуу. Бустон, (Тажикстан). 1-8-ноябрь, 2023-жыл

1-8-ноябрда Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтордун жолугушуусу болду. Тараптар мамлекеттик чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлганын Министрлер кабинети билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топтору калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстандын аймагында өтүүчү жолугушууда улантат.

Буга чейинки жолугушуу 22-28-октябрда Баткен шаарында болгон. Ал эми 12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн жолугушууда эки өлкөнүн чек арасынын 13,98 чакырымы макулдашылган. Топографиялык топтор ага чейинки жолугушуусунда чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашканы айтылган.

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасынын кайсы жерлери такталганы тууралуу маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. Былтыр эки мамлекеттин башчылары жолукканда, жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирип, ал үчүн бири-бирин айыптаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG