Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Калык Акы уулунун 140 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт


Бишкекте Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу бүгүн 7-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулуп жаткан айтыштын тандоо туру 15-ноябрда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында уюштурулат. Ал эми жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Байге фонду 1 миллион сом.

Кыргыз калкына кара жаак, жез таңдай атыккан төкмө жана жазгыч акын, айтылуу дастанчы, обончу, комузчу, эл артисти Калык Акы (Акыев) 1883-жылы Жумгалдын Кара-Ой деген жеринде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Калыктын улуу Токтогулга жолугушу, андан үлгү алышы шыгынын артылышына чоң таасир эткен. Ал айыл кеңешинин төрагасы, филармонияда артист болуп иштеген.

«Калыктын ырлары» биринчи жыйнагы 1936-жылы китеп болуп басылып чыккан. «Жаныш-Байыш», «Курманбек» өңдүү элдик дастандар 1938-жылы жарыяланган. Өмүр жолун баяндаган «Баскан жол» деген көлөмдүү китепти эскерме катары жазып калтырган.

Кыргыз маданиятын өстүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1939-жылы «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген наам берилген. Акын 1953-жылы 3-ноябрда дүйнө салган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG