Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:53

Эл аралык укук коргоочу уюмдар Дүйшөмбүдөн юрист Холикназаровду бошотууну талап кылышты


Манучеҳр Холиқназаров
Манучеҳр Холиқназаров

Жети эл аралык укук коргоо уюму расмий Дүйшөмбүдөн юрист жана жарандык активист Манучехр Холикназаровдун токтоосуз бошотулушун талап кылды. Тажикстандын Жогорку соту 2022-жылдын соңунда Памир юристтери ассоциациясынын президентин "кылмыштуу топ түзүүгө" жана "экстремисттик уюмдун ишмердигин тескөөгө" айыптап, 16 жылга эркинен ажыраткан.

Норвегиянын Хельсинки комитети, Эл аралык мунапыс уюму, Freedom Now, The Observatory, HFHR уюмдарынын жана Укук коргоочуларды коргоо боюнча эл аралык фонддун биргелешкен билдирүүсү 6-ноябрда жарыяланды.

Авторлор Манучехр Холикназаровго чыгарылган өкүмдү “адилетсиз”, ал эми анын кармоо шарттарын “адамгерчиликсиз” деп аташты.

Холикназаров былтыр майда Тоолуу Бадахшандагы окуялардан көп өтпөй кармалган. Тажикстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылдын жазында жүргүзүлгөн операцияда “кылмыштуу топтун” 29 өкүлү жок кылынганын билдирген. “Озоди” радиосу Тоолуу Бадахшандын 34 тургуну өлтүрүлгөнүн аныктаган.

Бадахшандык ондогон активисттер Тажикстанда жана Орусияда кармалып, жабык өткөн соттук отурумдарды узак жылдарга абакка кесилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG