Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

Сөз эркиндигине арналган “Күч эркиндикте” онлайн акциясы өтүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 7-ноябрда Кыргызстандын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата сөз эркиндигин жана медианы колдоо максатында “Күч эркиндикте” деген онлайн акция жүрүп жатат.

“Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы” уюму уюштурган акциянын максаты көз каранды эмес медианы колдоо жана өлкөдө сөз эркиндигин сактоо экени белгиленди.

“Бул күндөрү парламентте жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө эки мыйзам долбоору каралууда. Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам Орусиянын чет элдик агенттер тууралуу мыйзамынын аналогу. Бул демилгелер колдоо тапса көз каранды эмес медианын, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин таптакыр жок болушуна алып келет”, - деп айтылды уюмдун кайрылуусунда.

Демилге социалдык түйүндөрдүн көптөгөн колдонуучулары арасында колдоо таап, алар #күччындыкта #күчэркиндикте #cилавправде #силавсвободе #powerisinthentruth #powerinfreedom #кыргызстан #kyrgyzstan деген хештег менен билдирүүлөрүн жарыялап жатышат.

Сөз эркиндиги жок болсо коопсуздук да болбой турганы, эркиндик жок болсо сөз эркиндиги да жок болору белгиленүүдө.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда 206 гезит, TV, радио жана 22 белгилүү интернет басылма бар. Аларда эмгектенген журналисттердин саны 1875тин тегерегинде.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

Бирок соңку айрым окуялардан кийин бир катар эл аралык уюмдар сөз эркиндигинин абалына кабатырлыгын билдиришкен. Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко арыз берилди, “Азаттыктын” сайты тогуз айча бөгөттөлүп турду. "Азаттыктын" жана Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG