Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Египет Рафах өткөрмө бекетин кайра ачты


Египет менен Газа тилкесинин чегиндеги Рафах өткөрмө бекети. 1-ноябрь, 2023-жыл.
Египет менен Газа тилкесинин чегиндеги Рафах өткөрмө бекети. 1-ноябрь, 2023-жыл.

Египеттин чек ара кызматы Газа тилкеси менен чек арадагы Рафах өткөрмө бекетин кайрадан ачканын билдирди. Мурдагыдай эле расмий Каир кош жарандуулугу бар палестиндерге, чет өлкөлүктөргө жана жарааты оор палестиндерге чыгууга уруксат берет.

Рафах өткөрмө бекети 4-ноябрда убактылуу жабылып калган.

Израилдин армиясы 5-ноябрдын кечинде Газа шаарын толук курчоого алганын билдирген. ЦАХАЛ Газанын түндүгү менен түштүгүн бөлүп, атайын өткөрмө жай орнотуп койду.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 7-октябрдан бери аба соккуларынан өлгөн карапайым тургундардын саны 10 миңден ашканын, алардын төрт миңден ашууну балдар экенин билдирди. Көз карандысыз булактардан бул сандарды ырастоо мүмкүн эмес.

Бириккен Улуттар Уюму жаатташкан тараптарды ок атышууну токтотууга дагы бир ирет чакырды. Израилдин өзүндө коркунуч тууралуу эскертүү улам жаңырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG