Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:57

Гонконгдо Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү Мадумаров кармалды


Рустам Мадумаров.
Рустам Мадумаров.

Гонконгдун полициясы Өзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы, ушул тапта абакта отурган Гүлнара Каримованын мурдагы жарандык күйөөсү Рустам Мадумаровду кармады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды. Маалыматка караганда, аны Өзбекстандын коопсуздук комитети Каримова атасы бийликте турганда чет жакка чыгарып кеткен акчаны кайра кайтаруу ишинде колдонуп келген.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып жазгандай, Мадумаров октябрь айынын башында Гонконг аэропортунда кармалган. Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрү аны күрөөгө бошотууга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Мадумаров Гонконгдо арам акчаны адалдаштырууга айыпталып жатканы кабарланды.

46 жаштагы Рустам Мадумаров алгач 2014-жылы кармалган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы аны «уюшкан кылмыштуу топтун» башчысы деп жарыялаган. Ошол эле жылы ал "мыйзамсыз ишкердик кылган", "салык төлөөдөн качкан", "арам акчаны адалдаган", "чет элдик валютаны сыртка ири көлөмдө мыйзамсыз алып чыккан" деп айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган.

Мадумаров 2000-жылдары коңшу өлкөдө популярдуу болгон "Дадо" тобунун солисти.

51 жаштагы Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ысырап кылуу", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен айып коюлуп, 2020-жылы 13 жылга эркинен ажыратылган.

Швейцариянын Башкы прокуратурасы 28-сентябрда Гүлнара Каримованы кылмыштуу топту жетектөөгө жана пара алууга айыптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG