Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:33

Блогер Аяз Шабутдинов ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып жатат


Орусиялык бизнес-блогер Аяз Шабутдинов.
Орусиялык бизнес-блогер Аяз Шабутдинов.

Орусиялык белгилүү бизнес-блогерге ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу айып коюлду. Москва шаарынын прокуратурасы ал шериктери менен бирге жасаган алдамчылыктын сегиз фактысына шек саналып жатканын билдирди. Көзөмөлдөөчү органдын ырасташынча, Шабутдинов күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Тергөө материалдарына ылайык, блогер өзүнүн курстарынын, тренингдеринин жардамы менен ийгиликтүү иш баштап, тез эле кирешеге туйтунары тууралуу жарандарга атайлап жалган элес калтырган. Ага ишенген сегиз адам блогердин компаниясы менен 100 миңден дээрлик 2 миллион рублге чейинки акчага келишим түзгөн.

Шабутдинов Москвада алдамчылыкка шек саналып кармалганын 3-ноябрда бир катар маалымат каражаттары жазып чыккан. ТАСС агенттиги анын үйү тинтилгенин билдирген. "Осторожно, новости" басылмасы блогер Москвага Австриядан келери менен кармалганын маалымдаган.

Шабутдинов – Орусияда бизнес-тренингдерди өткөрүү менен алектенген ири борбордун ээси. Ал ошондой эле мотивация берүүчү лекцияларды окуп, тез байып кетүүнүн "жолдорун" сунуштаган курстарды сатат. Анын Инстаграмдагы аудиториясы 2 миллиондой кишини түзөт.

Шабутдинов кылмыш иши козголгон алгачкы блогер эмес. 2023-жылы Валерия Чекалина (Лерчек), Александр Митрошин, Елена Блиновская сыяктуу инфлюенсерлерге салык төлөбөгөнү үчүн айып тагылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG