Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:30

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге келди


 Урсула фон дер Ляйен темир жол вокзалынан Украинанын президенти Владимир Зеленский тосуп алды.
Урсула фон дер Ляйен темир жол вокзалынан Украинанын президенти Владимир Зеленский тосуп алды.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 4-ноябрда Киевге келди. Ал бул сапарынын алкагында Жогорку Радада сөз сүйлөп, билдирүү жасайт. Аны темир жол вокзалынан Украинанын президенти Владимир Зеленский тосуп алды.

Аталган уюмдун башчысы сапарынын алдында Зеленский менен Украинаны Европа Биримдигине кабыл алуу, Киевди колдоо жана Орусияга каршы санкциялар маселесин талкууларын айткан.

Буга чейин ал Еврокомиссия камакка алынган орусиялык активдерди Украинаны кайра калыбына келтирүү иштерине жумшоонун үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Урсула фон дер Ляйен камакка алынган орусиялык активдердин жалпы баасы 211 миллиард еврого жетерин маалымдаган.

Мындан туура бир жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Орусия Украинага репарация төлөшү керек деген резолюция кабыл алган. Аткарылышы милдеттүү эмес документти 193 мүчөнүн 94ү колдогон жана каршы добуш берген 14 өлкөнүн арасында Беларус, Куба, Иран, Зимбабве бар. 73 мамлекет, анын ичинде Кыргызстандын өкүлү калыс позицияны карманган.

Муну менен Башкы ассамблея Орусия Украинага согуш ачуу менен эл аралык мыйзамды бузду жана “укуктук кесепеттерди тартып, чыгымдын ордун толтурууга тийиш” деп тапкан. Документте зыяндын өлчөмүн жана кенемтени санап чыгуу үчүн атайын эл аралык механизм түзүү сунушу жазылган. Орусиянын БУУдагы өкүлү бул чечимди сынга алган.

Башкы ассамблеянын резолюциялары Коопсуздук кеңешинен айырмаланып, саясий гана мүнөзгө ээ. Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Орусия ал жакта өзүнө каршы документтерди өткөрбөй келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG