Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Бала бакчада тамакты өкмөт эсебинен берүү мыйзам долбоору даярдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Мирлан Самыйкожо, Элвира Сурабалдиева, Нурлан Азыгалиев баштаган депутаттар тобу мамлекеттик бала бакчаларды тамакты буга чейинкидей эле өкмөттүн эсебинен берүү мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

Парламенттин сайтына жарыяланган докумементтин негиздемесинде мектепке чейинки мамлекеттик мекемелерде тамак-аш маселесин ата-энелерге жүктөө Конституцияга каршы келери жазылган.

"Конституцияга ылайык, ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка акы төлөө түйшүгү ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө гана которулган учурда, жарандардын мектепке чейинки акысыз билим алуу укугу бузулушу мүмкүн. Мындай жагдайда мектепке чейинки билим берүүдө тамак-ашка акы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок калктын аярлуу катмары Конституция кепилдеген акысыз мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жете албай калуу коркунучу бар, бул Баш мыйзамга туура келбейт. Ушуга байланыштуу "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын 6-беренесинин 28-бөлүгүн күчүн жоготту деп таанууну сунуштайбыз", - деп жазылган негиздемеде.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бала бакчалардагы тамак-аш берүүнү уюштуруу маселесин саясатташтырбоого чакырган. Ал Бишкекте 3-ноябрда жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюуга арналган улуттук форумда мектепке чейин билим берүүнү каржылоо бир канча эсе көбөйтүү каралып жатканын айтып, мамлекеттик бала бакчаларга бардар үй-бүлөлөрдүн балдары барарын айтып, алардын тамагына эл акча төлөп келгенин билдирген.

"Учурда айылдарды айтпаганда, шаарларда деле балдардын 35% жетпегени гана мектепке чейинки билим берүүгө тартылган. Бала бакчага киргизүү өтө кыйын. Мындай жайларга адатта жакшы жашаган, социалдык байланыштары бар үй-бүлөлөрдүн балдары барат. Аялуу үй-бүлөрдүн балдары кабыл алынбайт. Эмнеге жалпы эл колунда бар класстын балдарынын тамагына акча төлөшү керек? Бул жерде маселе социалдык акыйкаттуулукта жатат. Эгерде бала бакчаларга барган балдардын саны 70-80% болсо Советтер Союзунан бери келаткан учурдагы саясатты улантуу тууралуу маселе коюлса болмок. Биз бүгүн социалдык жактан аялуу жана муктаж үй-бүлөрлөрдүн балдарын даректүү колдоо тууралуу сөз кылып жатабыз",-деген Байсалов.

Өкмөт өкүлүнүн бул сөзү социалдык тармактарда талаш-талкуу жараткан.

Ушул аптада Финансы министрлиги Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырыларын билдирген. Азыр балдардын тамагы 50/50 менен, жарымы ата-эненин, жарымын жергиликтүү бийликтин эсебинен каржыланып жатат.

Билим жана илим багытындагы беш мыйзамдын ордуна бирдиктүү бир мыйзамды иштеп чыгуу аракетин өкмөт эки жыл мурда баштаган. Министрлик өзүнчө, депутаттар эксперттик топ менен бирге өзүнчө эки долбоорду иштеп чыгышкан. Натыйжада экөөнүн макулдашылган варианты парламенттин кароосуна киргизилип, ал быйыл 11-августта ишке кирген.

Көз каранды эмес, эл аралык тажрыйбага таянган эксперт катары катышкан авторлор долбоордун колдоо табышын тарыхый чечим деп баалап, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, сапатты жогорулатууга шарт түзүлөрүн белгилешкен. Бирок жаңы мыйзамдагы нормалардын бири бала бакчадагы ысык тамакка байланыштуу экени соңку күндөрү коомчулукта кызуу талкуулана баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG